14-июль саат 10:00гө карата Ысык-Көл облусунда 31 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Облустук штабдын маалыматына ылайык, бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч. 31 бейтап 127 адам менен байланышта болгон. Алардын көпчүлүгү же 11 адам Жети-Өгүз районунда катталган.
Жаңы катталган учурлар: Жети-Өгүз районунда – 11, Тоң районунда – 5, Түп районунда – 3, Ак-Суу районунда – 2, Ысык-Көл районунда – 1, Балыкчы шаарында – 1, Каракол районунда – 8.
Муну менен Ысык-Көл облусунда коронавирус инфекциясынын катталган учурларынын саны 368ге жетти. Анын ичинде:
– Балыкчы шаарында – 76,
– Каракол шаарында – 76,
– Жети-Өгүз районунда – 61,
– Түп районунда – 57,
– Тоң районунда – 39,
– Ак-Суу районунда – 30,
– Ысык-Көл районунда – 29.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ