Бишкекте тепловоз жаш жигитти сүзүп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-июлда саат 9.00 чамасында Ауэзов көчөсүндөгү темир жолдо болгону аныкталды.
“Күбөлөрдүн айтымында, тепловоздун айдоочусу ага бир нече жолу сигнал берген, бирок ал уккан эмес. Азыр жабырлануучунун ким экендигин аныктап жатабыз. Белгилүү болгондой, ал болжол менен 20-25 жашта. Жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган”, – деп билдирди ведомстводон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ