УКМКнын тергөө абагындагы карантин жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргогон адвокат Сергей Слесаревдин билдирүүсүнө комментарий берди.
Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагы кадимки режимде иштеп жатышат. Санитардык эрежелерге ылайык, шектүүлөр менен жактоочулар айнек тосмо аркылуу жолугуп жатышат.
“Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу өткөрүп, анын ден-соолугунун абалы жөнүндө билишти. Атамбаев өзүнүн ден-соолугун канааттандырарлык деп эсептейт, адвокаттар өздөрү ооруп жатат, ошондуктан алар аны менен жолукпай жатышат”, – деп түшүндүрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.
Эскерте кетсек, буга чейин адвокат Сергей Слесарев УКМКнын тергөө абагында карантин жарыяланганын айтып, бардык жолугушуулар жана катышуулар токтотулганын билдирген эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ