Menu

Орус-казак чек арасында жүздөгөн тажик мигранты ара жолдо калды

Бөлүшүү:

Орусиянын Оренбург облусунда Тажикстандын жүздөн ашык жараны орус-казак чек арасынан өтө албай турат.

«Озоди» радиосунун окурмандары жөнөткөн видеодо колго жасалган чатырларда ондогон тажикстандык жаран, анын ичинде кош бойлуу аялдар отурганын көрүүгө болот. Алар 12 күндөн бери чек арадан өтүүгө уруксат берилишин күтүп жатышканын билдиришти.

«Бизди бул жерден дароо автобус менен Тажикстанга алып кетишет деп ойлогонбуз. Өзбек бийлиги өз жарандарын ошентип алып кеткен. Азыр эптеп колго жасалган чатырларда жашап жатабыз. Мында күндүз ысык, түнкүсүн суук. Бизди бул жерге жеткиргендер Казакстан мигранттар үчүн чек арасын эки күнгө ачканын айтышкан», — деди мигранттардын бири.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Имомиддин Саттори тажик жарандары мекенине жеткирүүнү убадалаган алдамчылардын курмандыгы болуп калганын билдирди.

«Казакстандын чек арасы жабык. Эпидемиологиялык абал Казакстанда гана эмес, Өзбекстан менен Кыргызстанда да начарлап жатат. Москвада мигранттарды чек арага чейин жеткирип иштеген компаниялар көп. Бир нече күн мурда алардын өкүлүн чакырып, адамдарды алдабашы керектигин эскерттик», — деди элчиликтин өкүлү.

Ал Орусиядагы тажик жарандары азыр бийлик тарабынан уюштурулган чартердик каттамдар менен гана кете аларын кошумчалады.

Тажикстандын Уфадагы консулдугу ара жолдо калган айрым жарандарды чартердик каттамдар менен мекенине жеткирүүгө даяр экенин билдиришти. Бирок мигранттар авиабилеттерди сатып алууга акчалары жок экенин билдиришүүдө.

Тажикстан 25-июндан бери Орусиядагы жарандарын алып келе баштаган. Бул үчүн «Тажик Эйр» жана «Сомон Эйр» авиакомпаниялары Москва, Санкт-Петербург, Казан, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан чартердик каттамдарды аткарары кабарланган. Тажик дипломаттары Орусияда мекенине кайтууну каалаган тажикстандыктар 8 миңден ашык экенин, аларды өлкөгө алып келүүгө чартердик каттамдар жетишсиз болорун билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: