Бишкек шаарында тепловоз сүзүп кеткен жаш жигиттин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу журналисттерге Бишкектин травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан билдиришти.
Учурда ал эс-учуна келе элек, жандандыруу бөлүмүндө.
Эскерте кетсек, окуя кечээ, 15-июлда саат 08:45 чамасында Ауэзов көчөсүнүн жанындагы темир жолдо болгон. 22 жаштагы Д.у.У бир нече жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жигит темир жолдон кетип бара жатып, тепловозду көргөн эмес. Тепловоздун айдоочусу ага бир нече жолу сигнал берген, бирок ал уккан эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ