2020-жылдагы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча упайлардын максималдуу саны 229 болду.
2020-жылда жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды. Анын баллы – 229 болгон.
2006-жылдан баштап ЖРТ жыйынтыктары жөнүндө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборун отчетторундагы маалыматтарды салыштырып көргөндөн кийин, 2020-жылы максималдуу балл эң төмөн болгону белгилүү болду. 15 жылдын ичинде эң жогорку балл эч качан 230 баллдан төмөн түшкөн эмес.
Эң мыкты көрсөткүч 2009-жылы катталган – 242 балл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ