Menu

Ошто эмгек биржасында чогуу иштеген таанышын өлтүрүп, көпүрөнүн астына таштап кеткен шектүү адам кармалды

Бөлүшүү:

15-июлда Ош шаарынын Туран кичи районундагы көпүрөнүн астынан эркек адамдын сөөгү табылды. Анын денесинде ур-токмоктун белгилери бар. Ал 1964-жылы туулган Алай районунун тургуну. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ыкчам изилдөө иш-чараларынын алкагында бул окуяга шектүү делинип Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну Ш.Т кармалды.

Кармалган адамдын айтымында, ал маркумду көп жылдан бери тааныйт, алар эмгек биржасында чогуу иштешкен.

Окуя болгон күнү экөө жолугушуп, суу боюнда алкаголдук ичимдик ичишкен. Андан кийин өз ара кайым айтышуу болгон. Айтышуу күчөп, мушташка айланып, натыйжада Ш.Т маркумду ур-тепкиге алып, алсыз абалда таштап кеткен. 56 жаштагы маркум окуя болгон жерде жан берген.

Шектүү бүгүн убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: