Menu

Коомдук ишмер, экс-депутат Жыпар Жекшеев коронавирус инфекциясынан каза болду

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, экс-депутат Жыпар Жекшеев коронавирус инфекциясынан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындарына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин Жекшеев коронавирустук инфекция менен Улуттук госпиталга жаткырылган, анын абалы оор болчу. 21-июлга караган түнү саат 01:30 чамасында ал көз жумган.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, Мамлекеттик искусство институтун жана Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

1990-жылдардан бери ал саясатка активдүү катышып келген.

1993-жылы ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясын жетектеген.

1995-2000-жылдары – Жогорку Кеңештин депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы.

2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тартып ал Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007-2009-жылдары – ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы.

2017-2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу кеңешин жетектеген.

Президенттикке өз талапкерлигин көрсөткөн. Ал үч китептин жана өлкөнүн коомдук жана саясий турмушундагы көйгөйлөр боюнча 100дөн ашык макалалардын автору.

Ал “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы менен сыйланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: