Menu

Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүүдөгү иштерди сынга алды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти пандемияны ооздуктоо үчүн жер-жерлерде ырааттуу иш жүргүзүлбөй жатканын сынга алды.

Бул тууралуу Шавкат Мирзиёев пандемия боюнча өлкөдөгү абалга байланыштуу өткөн видеоселектордук жыйында билдирди.

Онлайн жолугушууда Мирзиёев алгачкы медициналык жардам берүү борборлору, башкача айтканда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күнү-түнү иштөө режимине өтпөгөнүн сынга алды.

Президент билдиргендей, Ташкент шаарындагы бейткапканаларда 50дөн 200гө чейин киши иштейт, бирок алар бейтаптарды күндүн биринчи жарымына чейин гана кабыл алышат.

Ал ар бир клиникада үч дарыгерден турган мобилдүү топ иштеши керек экенин, алар COVID-19 вирусунун белгилери байкалбаган жана илдетти жеңил түрдө өткөрүп жаткан бейтаптарга кеңеш бериши абзел экенин белгиледи. Дээрлик бардык клиникаларда рентген кабинеттери бар, көбү колдонулбай турат.

“Эгер бул клиникалар калкка эффективдүү патронаждык кызмат көрсөткө, 103 тез жардам кызматына кч келбей, калк арасындагы дүрбөлөңдү жоюуга болот”, – деди Мирзиёев.

Жыйында Ташкенттеги 75 бейтапканага калкка күнү-түнү кызмат көрсөтүүгө тапшырма берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: