Menu

Анжелика, ырчы: Саясатка жологонго эч качан оюм жок эле, бирок 5 партия тизмесине чакырып жатат…

Бөлүшүү:

Ырчы Анжеликага беш партиянын лидерлеринен сунуш түштү. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, азырынча ал эч кимисине мукулдугун бере элек.

“Бир партиянын тизмегине мени жөн эле кошуп, сүрөтүмдү дагы илип, жалган маалымат таратып жатышат. Мага беш партиянын штабынын жетекчилери колума арыз беришкен. Мен эч кимисине кол коюп бере элекмин. Политикага жологонго эч качан оюм жок эле. Бирок, элдин берип жаткан деми, суранычы: “Балким, сен деле өзгөрүү киргизип, дал ушундай тытынып иштеп берээрсиң биз үчүн, ишеничибиз чоң”, – дегендерин угуп, өз көзүм менен көрүп жаткан көйгөлөрдүн үстүндө иш алып барууга мүмкүнчүлүгүм бар экенин сезип турам. Сиздер менен акылдашам да эми.

Ушул бойдон “элден элге” кызматында калайынбы? Же сиз сунуштаган партияны колдоп, макулдугумду берейинби? Балким, жаңы дем, жаңы күч, жакшы өзгөрүүлөрдү жасайттыр. Же башкалардай болуп өзүм чече берейинби? Кол чолок болуп жатат, көбүрөөк жардам берейин десем”, – деди ырчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: