Menu

Бишкек менен Ош шаарларында эки жаңы оорукана курулат

Бөлүшүү:

Бишкек жана Ош шаарларында ар бири 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери ушул аптада башталат.

Бул тууралуу 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда.

Ооруканалардын ар бири 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болушу шарт.

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек. Бул иштерге өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө Республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланды. Өкмөт башчы анда Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты.

10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат. Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат.

Кыргызстандын өкмөтү пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам 2020-жылдагы мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй турганын билдирген. Анын орду сырттан алынган каражат менен толукталары кабарланган.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер сырттан келген бул акчага оорукана куруу керектигин айтып, өкмөттүн жаздан берки аракеттерин сындап келатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: