Бүгүн, 23-июлга карата өлкө боюнча дагы 967 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Коронавируска 238 бейтап чалдыккан. Алар:
– Бишкек шаары – 50 адам,
– Ош шаары – 20 адам,
– Чүй облусу – 46 адам,
– Ош облусу – 156 адам,
– Нарын облусу – 2 адам,
– Ысык-Көл облусу– 26 адам,
– Жалал-Абад облусу – 23 адам,
– Баткен облусу – 31 адам,
– Талас облусу – 4 адам.
Ал эми пневмонияга чалдыккан 729 бейтап:
– Бишкек шаарында 152 адам;
– Ош шаарында – 77 адам;
– Чүй облусунда – 48 адам;
– Ош облусунда – 103 адам;
– Нарын облусунда – 39 адам;
– Ысык-Көл облусунда – 112 адам;
– Жалал-Абад облусунда – 134 адам;
– Баткен облусунда – 32 адам;
– Талас облусунда – 32 адам.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 30126га жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан 1031 адам айыгып, алардын жалпы саны 16791ге жетти.
Бишкек шаары – 365 адам, Чүй облусу – 78 адам, Ош облусу – 79 адам, Ош шаары – 117 адам, Талас облусу – 65 адам, Нарын облусу – 36 адам, Ысык-Көл облусу – 149 адам, Жалал-Абад облусу – 109 адам, Баткен облусу – 33 адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ