Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мындай кыйын мезгилде электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо — өзгөчө маанилүү милдет

Бөлүшүү:

«Мындай кыйын мезгилде электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо — өзгөчө маанилүү милдет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Победа» трансформатордук көмөк чордонуна барган учурунда.

«Победа» көмөк чордону 1984-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал «Шыралжын» кенин, Маданият, Кызыл-Сай, Кең-Арал, Миң-Булак, Үрмарал, Бакай-Ата, Наматбек, Көк-Таш, Өзгөрүш ж. б. айылдардын 7 миңдей тургунун электр энергиясы менен камсыздайт.

Бул көмөк чордондон 2019-жылдагы электр энергиясын керектөөнүн жылдык жалпы көлөмү болжол менен 33,0 млн. кВт/с түзгөн.

Акыркы жылдары реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган. Эскирген жабдууларды алмаштыруу электр тармактарынын  ишенимдүүлүгүн арттырды жана бир эле Бакай-Ата районун эмес, жалпы Талас облусун электр кубаты менен камсыздоо жакшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетиктер менен баарлашууда коронавирус инфекциясы биринчи кезекте бардык медицина мекемелерин электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоону талап кылып жатканын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: