Санкт-Петербург шаарында адам уурдоого шектелген төрт мигрант кармалды. Алардын бири Кыргызстандын жараны. Бул тууралуу «Мойка78» басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, адам уурдоо 22-июлда Обуховский проспектисинде болгон. Күбөлөр милицияга кабар беришкен. Айтымдарында белгисиз эки адам күч колдонуп, адамды боз “Hyundai Solaris” автоунаасына салып, качып кетишкен.
Милиция төрт шектүүнү кармашты. Алардын бири – 24 жаштагы Кыргызстандан келген мигрант, үчөө болсо – 43, 39 жана 25 жаштагы – Өзбекстандын жарандары. Алардын бардыгы Петербург жана Ленинград облусунун аймагында каттоосуз жайгашкан.
Кыргызстандык шериктештери менен 28 жаштагы Өзбекстандын жаранына кол салганы аныкталды. Алар аны башына бир нече жолу уруп, унаага салып, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр тергөө абагына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ