Menu

Маданият министрлиги: Эртең, 30-июлда өлкөдө Улуттук аза күтүү күнү өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Эртең, 30-июлда республиканын жалпы аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековдун “Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза тапкан жарандарды эскерүү өткөрүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткени тууралуу жарыялаган мезгилден бери кыргыз эли дүйнө эли менен бирге капыстан келген илдетке туш болуп, оор күндөрдү баштан кечирип жатат.

Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып, бул оор илдеттен миңден ашык адам каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Каза болгондордун жаркын элеси элдин эсинде дайыма сакталат.

Мамлекет тарабынан республикадагы эпидемиологиялык кырдаал, COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн бардык күч-аракеттер көрүлүлүп, элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш жүрүп жатат.

Бул аракеттер жарандык жоопкерчиликти терен сезген ишкерлер, ыктыярчылар, кайдыгер эмес жарандар тарабынан колдоого алынып, жардамдарын көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндөгү оор кырдаалда элдин биримдиги, ынтымагы, жоопкерчилиги гана мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин ийгилиги болоорун мезгил көрсөтүп жатат.

Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлүп, каза болгондорду эскерүү иш-чараларын өткөрүү белгиленди.

Жарлыктын негизинде республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: