Menu

Тажикстанда президент жөнүндө сюжет даярдаган журналист аккредитациясынан ажыратылды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Настоящее время» телеканалынын журналисти Анушеровон Ариповдун 1-августта мөөнөтү аяктаган аккредитациясын узартуудан баш тартты. Бул тууралуу 4-июлда «Озоди» радиосунун Душанбедеги бюросунун башчысы Мухаммадвафо Рахматов билдирди.

Анын айтымында, ТИМ «Озоди» радиосунун сайтына чыккан эки материалга карата нааразылыгын билдирүүдө. Аларда өлкө башчысы Эмомали Рахмон президенттик шайлоонун алдында үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө айтылган.

Тажикстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтүшү керек. Азырынча анын датасы расмий жарыялана элек. Буга карабастан акыркы жумаларда Рахмондун аймактарга сапары көбөйүп, алар тууралуу мамлекеттик басылмаларда жана соцтармактарда материалдар жарыяланууда. Талдоочулар бул көрүнүштү «президент келаткан шайлоого даярдана баштады» деп баалап жатышат.

Тажик бийлигинин нааразылыгын жараткан материалдардын бирин журналист Анушеровон Арипов даярдаган. 

Сюжетте Рахмон аймактарга жасаган сапарынын алкагында Рудаки районундагы дыйкандардын биринин үйүнө мейманга барганы, дасторкон алдында президенттен башка бардыгы беткап тагынып отурганы жана анда негизинен президент сүйлөп, үй ээсине кышка камылга көрүү кеңешин бергени жөнүндө айтылган.

2016-жылы «Озоди» радиосу президенттин кызы Рухшона Рахманованын ТИМге кызматка дайындалгандыгы тууралуу макала даярдагандан кийин да бир нече журналисти аккредитациясынан ажыратылган.  

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: