Menu

Сузак милициясы кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаранды кармады

Бөлүшүү:

4-август күнү айрым басылмаларда белгисиз эки жарандын Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилип коргоого алынган, атылган “Ак кунастарды” кармап түшкөн сүрөттөрү менен маалымат жарыяланган. Мындан сырткары Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тарабынан ак кунастарды аткандарга чара көрүү үчүн Жалал-Абад ОИИБне кат жолдонгон. Аталган каттын негизинде облустук милиция тарабынан ШРИИБдерге маалымат жеткирилген.

Жогорудагы маалыматтын негизинде Сузак РИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында ак кунасты аткан жаран аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 30-июль күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган. Сузак районунун 1997-ж.т. тургуну Э.Э. өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде учуп бара жатышкан, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилип, коргоого алынып, атууга жана жок кылууга тыюу салынган 3 даана “Ак кунасты” (белый аист) атып, сүрөткө түшкөндүгү такталган. Кийин бир тууган иниси 2000-ж.т. Э.Ж. келип, атылган ак кунастарды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 5-август күнү Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 144-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ошондой эле Э.Э. ак кунастарды аткан сайсыз ок атуучу курал акт түзүлүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: