Menu

Тажикстанда «Ислам кайра жаралуу партиясынын» мурдагы эки мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Исломиддини Файзали (солдо) менен Жалолиддин Махмудов. Архив сүрөт

Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» (ИКЖП) мурдагы эки мүчөсү камакка алынды.

3-августта ИКЖПнын Жогорку саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Жалолиддин Махмудов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылып, ошол бойдон үйүнө кайтып бара элек. Туугандарынын айтымында, ал ушу тапта УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Жалолиддин Махмудов быйыл апрелде камактан чыккан. Ал 2015-жылы жайында «Мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана алып жүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга соттолгон.

УКМК азырынча ислам партиясынын мурдагы мүчөсүнүн эмне себептен кармалгандыгы боюнча комментарий бере элек.

Өткөн жумада Душанбеде «Ислам кайра жаралуу партиясынын» саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Исломиддини Файзали да кармалган. Туугандарынын айтымында, ага эч кандай айып тагылган эмес жана адвокат менен камсыз болгон эмес.

«Исломиддини Файзали менен жубайы бир жума мурда Душанбеде кармалган. Эртеси аялы бошотулду. Бирок азыркыга чейин Исломиддин өзү кайсыл жакта экенин билбейбиз», — деди активисттин тууганы Саидисхок Бобоев.

3-августта Тажикстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарым жыл аралыгында террордук жана экстремисттик уюмдардын, анын ичинде «Ислам кайра жаралуу партиясынын» 200гө жакын мүчөсү кармалганын билдирген.

Азырынча ислам партиясынын июндун аягында кармалган дагы бир мүчөсү Асрориддин Розиков тууралуу маалымат жок. Ал ИКЖПнын абакта жаткан жетекчилеринин бири Зубайдуллои Розиковдун уулу. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Асрориддин Розиков «Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигинен Асрориддин Розиковду тез арада бошотууну, кызматтык териштирүү жүргүзүп, аны камакка алгандарды жазалоону талап кылган.

Тажикстандын Жогорку соту 2015-жылдын сентябрындагы чечими менен «Ислам кайра жаралуу партиясын» террористтик уюм деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: