Өкмөттүн Ош жана Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Узарбек Жылкыбаев Парламенттик шайлоого “Республика” партиясынын тизмеси менен бараарын жаштар менен жолугушуу учурунда тастыктады.
“Республика” партиясынын катчылыгы да маалымат чын экенин кошумчалап, “Узарбек Жылкыбаевге окшогон жаш, күчтүү, тажырыйбалуу саясатчылардын биздин командага кошулуусу – бул жаңы күч, жаңы идеялар ошондой эле өлкөбүзүн жана партиябыздын өнүгүшүнө импульс берет”-деп билдирди.
Аталган партиянын лидери Мирлан Жеенчороев буга чейин “Республикада” жаңылануулар болуп, саясий кеңештин бир нече мүчөсү жана айрым Жогорку Кеңештин депутаттары партиядан четтетилгенин айткан. Ошондой эле Жеенчороев белдүү саясатчылар жана саясий уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, шайлоого кызуу даярдыктар болуп жатканын кабарлаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ