“Камчыбек Ташиев экөөбүздү уруштуруп, бийликке келүүнү каалаган күчтөр бар”, – деп президент м.а. премьер-министр Садыр Жапаров “Регион” телеканалына “Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди кызматка коё берсе аны жеке өзүм камайм” деп убада кылган Ташиевдин телефонундагы скриншотко комментарий берди.
«Хакерлер бар. Мисалы бирөөнүн аккаунтун бууп туруп, анын атынан жаза берет. Мен деле акыркы 10 ылдан ери интернет колдонуучу адам катары мен деле бирөөнүн аккаунтуна киргенди билем, кирип кетем. Кирип алып жазып койсо болот. Менин деле аккаунтума кирип жазып коюшу мүмкүн. Жазып коюп кайра чыгып кетиши мүмкүн. Камчыбек Кыдыршаевичтин деле аккаунтуна кирип жазып, 15 мүнөттөн кийин кайра чыгып кетиптир. Аны кайсы аккаунт менен киргенин да аныктап алса болот, бирок ага убакыт жок”, – деп билдирди ал.
“Аны көрүп эле күлүп койдум. Хакерлер бузуп кирип, жазып чыгып кетсе керек деп. Эртеси күнү Камчыбек кыдыршаевич келди. Карасак 15 мүнөт отуруп, кайра чыгып кетиптир. Андайларга көп көңүл бурбайбыз, биздин мамилебиз жакшы. Экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырсак, биз бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан далай нерсе өткөн. 15 жылдан бери бири-бирибизди тааныйбыз, үй-бүлөлүк тааныштыгыбыз бар, мындайларга биз моюн бербейбиз”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ