Чет өлкөлүк жаран электрондук комуз жасап, андагы кыргыз күүлөрүн черткен. Видеотасма Инстаграмдын Кыргызстандагы “Тынчтык Корпусу” баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жаран Ноа Бретчер гитарада ойнойт жана комузга аябай кызыгат. “Мен электр гитарада ойногонду жакшы көрөм, ошондуктан комузду дагы ошентүүгө аракет кылгым келди. Бул үчүн мен Түндүк Калифорнияда өскөн даракты пайдаландым. Бул комузду чертүү мага Кыргызстан менен байланышты чыңдоого мүмкүндүк берет”, – деди ал.
https://www.instagram.com/tv/CD22XDYHooL/?igshid=k2b5h7w7fcfg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ