Menu

Бишкекте аутизм менен жабыркаган 6 жаштагы бала жоголуп кетти, ал изделүүдө

Бөлүшүү:

Бишкекте 6 жаштагы Шамшиев Чыңгыз Уланович изделүүдө. Бул тууралуу кечээ, 16-августта журналисттерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын энеси арыз менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, 16-августта кечки саат 17:00 чамасында Чыңгыз Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Баланын кайда экени белгисиз.

Белгилери: бою 130-134 см, көзү күрөң, орто бойлуу, кыска күрөң чач.

Өзгөчө белгилер: сол жактын сөөгүндө шрам бар, аутизм менен жабыркайт, жакшы сүйлөбөйт.

Кийген кийими: кызгылт сары футболка, боз шым.

Милиция эгерде өспүрүм жөнүндө маалымат бар болсо төмөнкү телефон номерлерине билдирүүнү өтүндү: 0 (555) 102-149, 0 (502) 102-149, 0 (703) 686-883, 0 (707) 557-887 , 0 (707) 557-887 жана 102.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: