Бостери айылында эки жашар кызды уурдап кеткен аял Каракол шаарындагы тергөө абагына камалды. Бул тууралуу журналисттерге Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү адамга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эки айга камакка алынган, факт боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды, анын ичинде психоневрологиялык. «Аял эки жашар кызды кандай максат менен уурдап кеткендигин түшүндүрүп бере албайт. Кармалган адамдын туугандары анын психикалык жактан жабыркагандыгын айтышты. Бала аман-эсен болуп, ата-энесине кайтарылды», – деди милиция.
Эскерте кетсек, окуя бир нече күн мурун Бостери айылында болгон. Шектүү аял тууралуу маршрутканын айдоочусу кабарлаган. Ушул тапта милиция дайынсыз жоголгон эки жашар кызды издеп жаткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ