Menu

Алматы облусунда жергиликтүү тургундун өлүмү иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Алматы облусуна караштуу Енбекшиказак районунун Ащыксай айлындагы адам өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу райондук полиция кабарлады. Полиция билдиргендей, 15-августка караган түнү белгисиз кишилер айыл тургунун үйүндө бычактап кетишкен.

Ал ооруканага жеткирилген, бирок алган жартынан улам көз жумган.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча тергөө амалдары башталды. Полиция шектүүлөрдү издөөдө.

16-августта полиция Ащыксай айлына алып барчу жолду жапканы тууралуу маалымат тараган. Соцтармактардын айрым колдонуучулары окуянын 2007-жылдагы “казактар менен чечендер арасындагы кагылышуу” менен байланышы бар экенин жазышты. Укук коргоо органдары айыл ачык экенин айтышып, жаңжал тууралуу маалыматтарды четке какты.

Каза болгон кишинин аты-жөнү Нурлан Ахметов. Анын сөөгү 16-августта жерге берилген. Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, Ахмедов 2007-жылдагы Байдибек-би айлындагы жаңжалдан кийин “чечен үй-бүлөнүн мүлкүн өрттөдү” деп айыпталып, бир жылга шартту түрдө соттолгон.

Байдибек-би айлы Алматыдан 70 чакырым аралыкта жайгашкан. 2007-жылы айылда казактар менен чечендердин ортосунда чыр чыгып, беш киши өлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: