Ош шаарында таанышын өлтүргөн жигит 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык сот 1994-жылы туулган Б. уулу А. аттуу жаранды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал №5 СИЗОго 10-октябрга чейин которулган.
Кармалган жаран 1980-жылы туулган Анар конушунун жашоочусун өлтүрүп, ага 23 жолу бычак менен жаракат келтирген.
Тергөө учурунда кармалган адам маркум менен тааныш экенин айткан. 5-6 күн мурун анын батиринде спирт ичимдиктерин чоогу ичишкен. Түшүнбөстүктөн улам экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Андан кийин ал таарынып, батирден чыгып кеткен. Андан кийин ал бычак менен кайтып келип, аны чакырып, 23 жолу бычак менен сайган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ