Menu

Казакстанда журналисттердин митинг учурундагы ишин иреттеген эрежелер бекитилди

Бөлүшүү:

Казакстанда митинг, тынч жыйын учурунда журналисттердин жумушун жөнгө сала турган жаңы эрежелер кабыл алынды. Бул тууралуу Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги билдирди.

Казакстан ИИМи жана Улуттук экономика министрлиги менен макулдашылган эрежелерде журналисттердин иши гана эмес, тышкы көрүнүшү жөнүндө да жазылган. Ага ылайык, тынч жыйындарды чагылдырган кабарчы «Press» деген жазуусу бар атайын жилет кийип, колдоруна ушундай эле жазуусу бар орогуч ороп, күбөлүк алып жүрүшү керек. Документте жилет, таңгыч жана чаптагычтардын өңү, жазуулардын өлчөмү жана шрифтинен өйдө аныкталган.

Жаңы эрежелер боюнча эгер митингге 200дөн көп атам катышса, журналисттер кеминде бир күн мурун акимчиликке кайрылып, акция боло турган жерге ыкчам басма сөз борборун уюштурууну өтүнүшү керек. Ыкчам басма сөз борбору лента менен тосулуп, сүрөткө жана видеого тартууга, интервью алууга ылайыкташтырылат. Акимчиликтин өкүлү кабарчыларга маек берүүчү кишилерди табууга, коопсуздукка байланыштуу чараларды түшүндүрүүгө көмөктөшөт.

Тынч жыйындар жөнүндө өкмөттүн мыйзам долбоору парламентте коронавируска байланыштуу карантин чаралары күчөп турган маалда каралып, июнда күчүнө кирген. Документке кол койгон президент Касым-Жомарт Токаев мыйзам жарандардын тынч жыйынга чогулуу боюнча конституциялык укугун камсыздай турганын айткан.

Укук коргоочулар бул мыйзамда чектөөлөр көп экенин сынга алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: