“Азия Микс” КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманазаров шаардагы мечиттердин ачылбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-августта Инстаграмдагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бардык жерлер ачык, бирок мечиттер жабык.
“Бүгүн сонун күн. Анткени жума. Бирок мечиттердин дарбазаларынын жабыгы көңүлдү бузуп турат. Ушундай сонун жерлер жабык бойдон турат.”
Ошондой эле, ал “Сиздер мечиттерди ачыш үчүн канча акча төлөш керек?”, – деген жазуусу бар плакатты кармап, мечиттин жанында сүрөткө түшкөн.
https://www.instagram.com/p/CEJOc5tDnz0/?igshid=12i2eoynnvtun
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ