Борбордук шайлоо комиссиясы эки партиянын документтерин кайтарып берди.
БШКнын маалыматы боюнча, документтер толук болбогондугуна байланыштуу “Мекенчил” жана “Ыйман Нуру” партияларына кайтарылган.
Бирок «Мекенчил» партиясы документтер толугу менен берилгендигин жана жумушчу топ 14:56да кабыл алгандыгын маалымдады.
Саясий партияларды каттоонун акыркы мөөнөтү бүгүн саат 18:00дө аяктайт. Партиянын өкүлдөрү жетишпеген документтерди алып келүүгө убада беришти. Кечки саат 18:00дон кийин документтерди кабыл алууга тыюу салынат. Ошентип, шайлоо жарышына катышкан партиялардын алдын ала тизмеси бүгүн белгилүү болот.
Башында 44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок жарымынан көбү ар кандай себептер менен шайлоого катышуудан баш тартышкан. Мыйзамга ылайык 22 саясий партия съезд өткөрдү. 24-августта эртең менен төрт партия өз арыздарын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ