“Эми 16 же 17 саясий партия тизмесин тапшырганын айтпаган жооптуу коллегалар, БШКнын жетекчилигине да уят, элдин алдында өзүлөрү жооп берет”. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
“Бардык өнүккөн, мыйзамды туу туткан мамлекетте, Боршайкомдун ар бир кадамы ачык айкын, журналисттердин катышуусу менен өтөт. Анткени элге кызмат кылган БШК, элдин “көзү”, “кулагы” болгон журналисттерден коркпойт, эч нерсе жашырбайт. Бизде болсо, чоң парламенттик шайлоодо журналисттер гана эмес, Боршайкомдун мүчөлөрү да так, ачык, ыкчам маалыматы жок. Эми канча 16бы же 17 саясий партия тизмесин тапшырганын айтпаган жооптуу коллегалар, БШКнын жетекчилигине да уят, элдин алдында өзүлөрү жооп берет. Журналисттерди Боршайкомго киргизбей, түн жамынып БШК иштеп жатканы тээ 13 жыл мурун өткөн парламенттик шайлоонун, заманды эскертти.
Кечиргиле, менда БШКнын мүчөсү болсом дагы азыркы 25 августтун саат 00.03кө мыйзам талап кылгандай БШКнын бардык мүчөлөрүнө маалымат так, ачык, ыкчам берилген жок. Элдин ишеними шайлоого кантип болмок эле, мындай окуялар болуп жатса?
4 жыл иштеп жатат биздин курам, башында кандай маалымат жаап-жашырышса (канча ачык айттым, бул көйгөйдү), азыр деле ушундай… Чабал иш болгону анык, цифровизация?” – деди Абдрахматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ