Menu

“Эгерде сен мага турмушка чыкпасаң, мен сени өлтүрөм” – деп 20 жаштагы кызды ала качып, коркуткан жигит кармалды 

Бөлүшүү:

Ош шаарында 20 жаштагы кызды үйлөнөм деп уурдап, коркуткан жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында, учурда дагы эки жигит изделүүдө.

«2-сентябрда кызды уурдоо аракети жөнүндө келип түшкөн билдирүүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары Ноокат районунун тургуну, 1991-жылы туулган А.уулу Ж. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга 10 суткага камалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар дагы эки адам изделүүдө. Буга байланыштуу УКМК тарабынан тапшырмалар берилди», – деди Абсатар Тавакалов.

Ош шаардык соту 4-сентябрда кармалган жаранды 14-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан 2-сентябрга караган түнү Ош шаарында үч жигит 20 жаштагы кызды күч колдонуп унаага салып кетүүгө аракет кылышкан. Кошуналары аны сактап калышкан. Жабырлануучу 2-сентябрда Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Алты ай мурун ошол эле балдар аны уурдап кетишкен, бирок алардын биринин ата-энеси милицияга кайрылам деп коркутуп, кызды кайтарып бергиле деген.

Окуянын чоо жайы:

“Ала качуунун” курмандыгы болгон А. кызы Н. Ош шаарындагы кафелердин биринде кассир болуп иштеген. Анын айтымында, биринчи ала качуудан кийин ал үйүнө кайтууга үлгүргөн. Бирок уурдоого катышкан жигит аны коркутууну уланткан. Жакында социалдык тармактардагы мессенджер аркылуу улам-улам жазып, каза болгон кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп жаткан. Ал мунун бардыгын төмөнкү текст менен коштогон: “Эгерде сен мага турмушка чыкпасаң, анда сенде дагы ошондой болот. Мен сени өлтүрөм … “, – деген ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: