Menu

Курсан Асанов: “Бүтүн Кыргызстан” бул элдик партия, парламенттик шайлоого сөзсүз катышышы керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда БШКнын буга чейинки чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын  доо арызы каралганы турат. 

Административдик соттун имаратынын алдына “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташары чогулуп, партиянын шайлоого катышуусун талап кылып жатышат. Милиция кызматкерлери партиянын тарапташтарын жана ММКнын өкүлдөрүн соттун имаратына киргизбей жатышат. Бир аз убакыттан кийин журналисттерге соттун имаратына кирүүгө мүмкүнчүлүк беришти.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен депутаттыкка аттанып жаткан ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов БШКнын чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын белгиледи.
“Бир адамдын арызы менен партиянын мүчөлөрүнүн, 200-300 миңдеген тарапташтардын укугун тебеледи. Себеби, БШКнын мүчөлөрү ыйгарым укуктарын аша чапкандык менен пайдаланышты” – деп билдирди Курсан Асанов.
Ал сот акыйкат чечим чыгара турганына ишене турганын айтты.
“БШК өзүнүн чечими менен шайлоонун таза өтүшүнө бүдөмүк ойлорду салып койду. Элдин көпчүлүгүн нааразы кылып койду. Себеби, “Бүтүн Кыргызстанды” бир гана колдоочулары эмес, башка партиялардын колдоочулары да колдоп жатат. “Бүтүн Кыргызстан” бул элдик партия, шайлоого сөзсүз катышышы керек. Бүгүнкү сот акыйкат чечим чыгарат деген ишеничтемин” – деди Курсан Асанов.
Белгилей кетсек, БШК өткөн аптада “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга аталган партиянын курултай өткөрүүдөгү эреже бузуулары жана курултайда бекитилген тизме менен БШКга өткөргөн тизменин эки башка чыкканы негиз болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: