Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунун алдына чогулган “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын тарапкерлери соттон адилет чечим чыгарууну талап кылышууда.
Соттун ичинде партиянын БШКнын үстүнөн жазган арызы каралууда.
“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясын бир нече партиялардын өкүлдөрү да колдоп келишкен.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин съездден кийин оңдолгон деген шылтоо менен каттабай коюп, шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ