Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунун алдына чогулган “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын тарапкерлеринин митингинде “Чоң казат” партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясын шайлоого катыштырбоо аракетин айыптап сүйлөдү.
Соттун ичинде партиянын БШКнын үстүнөн жазган арызы каралууда. “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясын башка бир нече партиялардын: “Чоң казат”, Кыргызстан социал-демократтары, “Асаба” саясый уюмдарынын өкүлдөрү да колдоп келишкен.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин съездден кийин оңдолгон деген шылтоо менен каттабай коюп, шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ