Бүгүн, 7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктоочу протоколун бекитти. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
2020-жылдын 12-августунда Боршайкомдун №163-токтому менен дайындалган Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо ушул жылдын 28-августунда болуп өттү.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 28-августундагы протоколунун жыйынтыгы менен, Руслан Сардарбекович Ормокоев Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Шайлоого Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, алардын бардыгы Р. Ормокоевге добуш беришкен.
Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес.
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду деп табылды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ