Бүгүн, 11-сентябрда Баткен районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, экө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таңкы саат 06:30дарда Ош – Баткен – Исфана жолунуну 11 чакырымында “Ауди 100” автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктан жабыркагандар Баткен облустук ооруканага жеткирилген. 53 жана 46 жаштагы жарандар каза болуп, 27, 15 жаштагы адамдар жаракат алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ