Аксы районунда “Биримдик” саясий партиясынын үгүтчүсүн коркутуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөр андан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт иштерин жүргүзүүсүн талап кылышкан.
Кечээ, 10-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 7-сентябрда Үч-Коргон айылынын 30 жаштагы тургуну Аксы районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Ал белгилегендей, 7-сентябрга караган түнү саат 01:00 чамасында айылдашы Т.Э. ага телефон чалып, айылдагы Маданият үйүнүн алдына сүйлөшүүгө чакырган. Арыз ээсинин айтымында, Т.Э.: “Эмне үчүн “Биримдик” саясий партиясына кирип, ал үчүн үгүт жүргүзүп жатасыңар?! Тез арада “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулуп, ал үчүн үгүттөгүлө”, – деп зордук-зомбулук менен коркуткан.
Бул факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча тергөө амалдары башталды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Булар Аксы районунун тургундары 1985-жылы туулган Э.У., жана 1987-жылы туулган Т.Э. Соттун чечими менен алар 1 айга камакка алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ