“Ата Мекен” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер сентябрь айындагы депутаттык маяналарынан баш тартышты. Эл өкүлдөрү өз чечимин 3-сентябрда Жогорку Кеңештин ишин 2-октябрга чейин токтото туруу боюнча токтом кабыл алынгандыгы менен негиздешти.
“Биз парламенттик шайлоого аттанып жатабыз, эми ар бирибиз шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрөбүз. Эгерде ушул мезгилде биз парламентте иштегендей эмгек акы алсак, бул акыйкатсыздык”, – деди “Ата Мекен “партиясынын талапкерлери өз чечимдерин.
Айлык акылардан баш тартткандар: Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Абдывахан Нурбаев, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ