Menu

КУУ дипломдук иш жазуу токтогону тууралуу маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Кыргыз улуттук университети окуу жайында дипломдук иш жазуу тууралуу талап жоюлганы жөнүндөгү маалыматты четке какты. 16-сентябрда университеттин басма сөз кызматы мекеменин окуу бөлүмүнө таянып, андай болушу да мүмкүн эмес экенин билдирди.

Ал дипломдук иштерди онлайн жактоого комиссия катышканын белгиледи.

Социалдык түйүндөрдө «Твиттердин» колдонуучусу: «Биздин университетте быйыл дипломдук иш сөзсүз жазылышы керек деген талап жоюлду. Каалоочулар гана жазып, калгандары курстук ишин өткөрсө болот» деп жазганы азыр талкуу жаратып жатат.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйыл март айында Кыргызстанда бардык окуу жайлары убактылуу карантинге жабылган. 2019-2020-окуу жылы аралыктан жыйынтыкталды. Жаңы окуу жылы да онлайн сабактар менен башталды.

Кыргызстанда илимий иштердеги бирөөнүн эмгегин көчүрүп алуу фактыларын аныктоо боюнча «Анти-Плагиат» системасы ишке киргизилген. Бул ресурс Жогорку аттестациялык комиссиянын расмий сайтында жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: