Бишкекте мектеп окуучулары арасында “Китеп – билим булагы” аттуу сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Сынак 15-сентябрда башталып, 15-октябрда жыйынтыкталат.
Алардын айтымында, бир күн мурун, 6-11-класстын окуучулары арасында биринчи райондук тур санитардык эрежелерди так сактоо менен оффлайн режиминде өткөн.
Алтынчы класстын окуучулары үчүн тапшырма: “Башка тилди жанды жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм” (Алыкул Осмонов) деген темада дилбаян, 7-класстын окуучуларына Аалы Токомбаевдин “Күүнүн сыры” чыгармасынын негизинде дилбаян жазуу тапшырмасы даярдалды. 8-класстын окуучулары Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинин, 9-11-класстар Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” повестинин негизинде дилбаян жазышты.
Шаардык сынакка райондук сынакта биринчи орундарды жеңип алган мектеп окуучулары катыша алышат.
Сынактын жыйынтыгында алдыңкы үч орундун ээлери белектер менен сыйланышса, мугалимдер Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ