Бүгүн, 21-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 55 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 8, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 7, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – , Баткен облусунан – 25 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 45 471ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 104 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41 682ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 68 адам; Ош облусунан – 1, Баткен облусунан – 24 адам, Жалал-Абад облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 2.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ