Menu

Алматыда жалган маалымат таратууга айыпталган аткаминер кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Алматы акиминин орун басары Сапарбек Туякбаев кызматтан кеткенин билдирди. Ал 21-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасына мындан ары бизнес менен алектене турганын жазды.

Коронавирус пендамиясы күчөп турганда Туякбаевдин дары-дармек тартыштыгы тууралуу билдирүүсү коомчулукта катуу сынга кабылган. Ал шаарда коронавирусту дарылоо үчүн керектүү дары-дармектер жетишпей жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү «хайп» деп атаган.

«Дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Тилекке каршы, социалдык түйүндөрдө мындай билдирүүлөр менен хайп кылып жаткандар аз эмес», — деген ал 13-июлдагы брифингде.

Акимдин орун басарынын бул билдирүүсүнөн кийин алматылык активист Светлана Дружинина Туякбаевди «жалган маалымат таратууга» айыптап, ага каршы полицияга арыз жазган. Ал далил катары дарыканалардан COVID-19ду дарылоо протоколунда көрсөтүлгөн дарыларды таппай жүргөнү тартылган видеосун көрсөткөн.

Кийинчерээк полиция активисттин арызын 16 күндөн кийин каттоого алып, бирок аткаминерди суракка чакырбаганы белгилүү болгон. Августта Дружинина «арызды өз убагында каттабаганы жана сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзбөгөнү үчүн» полиция департаментинин тергөө бөлүмүн сотко берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: