КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облустук жана муниципалдык кызматтардын башчыларына Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан саясий партиялардын штабдарына барууга тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Балбак Түлөбаевдин айтымында, демократиянын принциби – бардык тараптарга бирдей шарттарды түзүү.
Ал шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын белгиледи.
“Мен бир дагы жетекчи же мамлекеттик кызматкер өкмөттүн ишин жаманатты кылбасын деп талап кылам. Буга катышкандарга карата эң катаал чаралар колдонулат” – деп билдирди Түлөбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ