Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, санитардык талаптарды сактоосу керек

Бөлүшүү:

Саясий партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, үгүт кампаниясы мезгилинде беткап тагынуу режиминин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Акыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканы боюнча айтылууда.  Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот», – деди Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга саясий партиялардын штабдары менен биргеликте белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу кошумча иштерди жүргүзүүнү, ошондой эле 50 ашуун адамдын катышуусунда иш-чараларды уюштурууга чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү COVID-19 байланыштуу түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн кабыл алынып жаткн чаралар талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: