Menu

Жарадар болгон Түркиянын жаранынан 80 миң гана уурдалбастан, автоунаасын дагы уурдап кетишкен

Бөлүшүү:

24-сентябрда саат 23:50 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөнүн Чүй ОИИБ ​​билдирди.

Милиция кызматкерлери түнкү саат 23:40 чамасында Кашка-Суу айылынын аймагында беткапчан белгисиз адамдар 42 жаштагы Түркиянын жаранына карата белгисиз курал менен ок атып, физикалык күч колдонуп, 80 миң сом акчасын тартып алышкандыгын аныкташкан. Анын унаасын тартып алышып, алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Түрк жараны денесинен алган жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) боюнча катталды.

Белгилей кетсек, буга чейин белгисиз адамдар түрк жаранын травматикалык тапанча менен атып, андан 80 миң сом алып, белгисиз тарапка качып кетишкени маалымдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: