Menu

Улуттук банк сомду колдоо максатында доллар сатууну улантууда

Бөлүшүү:

Улуттук банк сентябрь айында улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн үчүнчү интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу регулятордун расмий сайтында маалымдалды.

Базарда бүтүм жасалган күнү эсептөөлөр менен 5 миллион доллар жана бүтүм жасалган күндөн башка эсептөөлөр менен 14 миллион 650 миң доллар сатылганы белгиленди. Жалпысынан сентябрь айында Улуттук банк валюта базарында 37 миллион 450 миң доллар сатты.

Эске салсак, доллардын курсунун өсүшү Улуттук банкты кийинки интервенцияны жүргүзүүгө мажбур кылган. Өткөн жуманын аягында ал 80 сомдук чекке жакындады. Бир жуманын ичинде америкалык валюта 60 тыйынга кымбаттады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: