Menu

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу райондун жалпы мечиттеринин абалы менен жеринде таанышты

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу райондун жалпы мечиттеринин абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Саламат Жолдошев менен биргеликте райондогу имамдар менен жолугушуп, ар бир мечиттин ал-абалы менен жеринде таанышты.

“Учурдагы кырдаалдан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, мечиттерде санитардык сактык эрежелери канчалык деңгээлде сакталышы, мечиттердин тазалыгы текшерүүгө алынды»,-деди Талантбек Акылбек уулу.

Мындан тышкары ар бир айылдын  эли менен жолугушуп, ынтымак, биримдик, сабырдуулук туурасында баяндамасын жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: