Menu

БШКнын төрайымы “Биримдик” партиясынын талапкери менен болгон окуяны жаап-жашырууга аракет кылды деп айыпталууда

Бөлүшүү:

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы Нарын облусунун Чет-Нура айылында болгон паракорчулук окуясын жашырууга аракет кылды деп айыптады.

Абдрахматова БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева менен биргеликте бул маселени БШКнын кароосуна бир нече жолу бергенин, бирок алардын сунушун БШКнын калган мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен четке каккандыгын белгиледи.

“24-сентябрда биз ИИМдин шайлоо процессиндеги көптөгөн даттануулар боюнча аракетсиздиги үчүн жоопкерчилиги жөнүндө маселени көтөрдүк. Чет-Нура айылындагы окуя буга ачык мисал. Андан кийин Ички иштер министрлиги үч сааттын ичинде материалдарды тапшырууга убада берген, ал аткарылган эмес. 25-сентябрда өткөн БШКнын жыйынында, Чет-Нурада болгон добуш сатып алуу аракети (мүмкүн) боюнча, БШК көпчүлүгү кайтадан суроону өткөрбөй, төрайым ачык эле ИИМдин кайдыгерлигин жактады. Маселе күн тартибине киргизилген эмес” – деп белгиледи Атыр Абдрахматова.

Ошондой эле ал укук коргоо органдары жана БШК маселени кароону создуктуруп жаткан учурда, «Биримдик» партиясынан талапкер айыл өкмөт башчысына каршы атайын жалган маалымат тараткан деп сотко кайрылгандыгын айтты.

“Бирок, КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам укук коргоо органдарын жана БШКны шайлоо процессиндеги бардык мыйзам бузууларды 5 күндүн ичинде чечүүгө милдеттендирет, ал эми окуяга катышуучулардын ортосундагы жарандык талаш-тартыш эч кандай жол менен талапкерге карата чараларды көрүүнү кечиктирүүгө себеп боло албайт” – деп белгиледи БШКнын мүчөсү.

Эскерте кетсек, 30-августта социалдык тармактарда “Биримдик” партиясынын талапкери Азамат Мусурканов Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысына пара берип жаткан болушу мүмкүн деген видео тараган. Видео укук коргоо органдарына жана БШКнын ыкчам аракет координациялык тобуна жөнөтүлгөн. Бирок бир айдан бери укук коргоо органдары дагы, Борбордук шайлоо комиссиясы дагы конкреттүү чараларды көрүшкө элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: