Menu

Ош шаарынын аймагында мүлк салыгы жана жер салыгы боюнча рейд жүрүүдө

Бөлүшүү:
Ош шаарынын аймагында мүлк салыгы жана жер салыгы боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-сентябрда Ош шаарында салыктарды жыйноо боюнча атайын рейд башталган.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, шаардык салык кызматы тарабынан мобилдик топ түзүлүп, үймө-үй кыдыруу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 4-топтогу транспорт салыгын жыйноо боюнча рейддик көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралардын натыйжасында бүгүнкү күнгө карата транспорт салыгынан 28 471,7 миң сом жыйналса, мүлк салыгы (1 гр) боюнча 829 субьект тарабынан жергиликтүү бюджетке 5382,6 миң сом, жер салыгы боюнча 16 470 субьект тарабынан 13 602,9 миң сом салыктык төгүмдөрдүн төлөнүшү камсыздалды.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар Ош шаарынын баардык аймактарында мындан ары уланат.
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: