Menu

Бишкекте мыйзамсыз курулган курулуштар алынды

Бөлүшүү:

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан арылтуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач 7-кичи районундагы ЮРФА медициналык клиникасында мыйзамсыз орнотулган дубал алынган.
Ошондой эле, түшүндүрүү иштеринен кийин Ынтымак жаңы конушунун Орто жана Стадион көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө алынган.
Мындан сырткары, Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциясы жана темир тосмо кожоюндары тарабынан алынып салынган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: