Германияда өткөн кинофестивалда “Айка” тасмасы Гран-при сыйлыгын утуп алды
Орусиялык жана Казакстандык кинорежиссер Сергей Дворцевовдун “Айка” тасмасы Германиянын Котбус шаарында өткөн 28-эл аралык кинофестивалда гран-при утуп алган, бул тууралуу “24 Хабар” телеканалы маалымдайт.
Тасмада башкы ролду Казакстандык актриса Самал Еслямова аткарган. Ошондой эле “Айка” тасмасы калыстар тобунун байгесине татыган. Тасмада Москвадагы легалсыз иштеп жүргөн Кыргызстандык мигрант кыздын жашоосу жөнүндө баяндалат.
Эске салсак, 2018-жылы өткөн Канн кинофестивалында Самал Еслямова “Айка” тасмасында аткарган ролу үчүн “Мыкты аял ролу” наамына татыган. Ал эми аталган тасма “Алтын пальма бутагына” талапкер болгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ